Дал азыр убакыт келди!
Азыр дүйнө жүзүндөгү өтө көп балдар жашоосундагы эң оор сыноолорго туш болууда.
Судандын көптөгөн аймактарында ачарчылык расмий түрдө таанылды.
Газада, Ливанда жана Украинадагы согуштар балдардын өмүрүн кыйып, үйлөрдү жана үй-бүлөлөрдү талкалап жатат.
Миллиондогон балдар таза сууга жете албай жатат.
Сиздин колдооңуз менен ЮНИСЕФ бул балдар үчүн өмүр сактоочу жабдууларды жеткирип, кызматтарды көрсөтүп, кам көрүүдө.
Ар бир бала маанилүү. Ар бир аракет өзгөрүүгө түрткү болот.
Эки жаштагы Язан катуу тамак жетишсиздигинен жапа чегүүдө жана Газа шаарындагы Шати (Жээк) качкындар лагеринде жашайт. Апасы Наима: «Биз эки айдан бери ун да, башка эч кандай жардам да алган жокпуз», – дейт. Язан жыртылган көбүкчөгө отуруп, чарчоодон көздөрү оорлошкон, арык денеси курч ачкачылыктын белгилерин ачык көрсөтүп турат. Газа секторундагы балдардын арасында тамак жетишсиздиги тез жайылып жатат, Газа шаарында көрсөткүчтөр февралдан бери төрт эсеге өстү.
Эки жаштагы Язан азык-түлүктүн тартыштыгынан абдан азап чегүүдө...
Газада ачарчылык кайгылуу чындыкка айланды...
Сиздин бүгүнкү кайрымдуулугуңуз ЮНИСЕФке балдар менен үй-бүлөлөргө өмүрдү сактап кала турган азыктарды, таза сууну жана медициналык жардамды жеткирүүгө салым кошот.
Сиздин кайрымдуулугуңуз жана көңүл бурууңуз бизге даяр болууга, жардам берүүгө жана канча талап кылынса, ошончо убакыт алардын жанында болууга күч берет.
Ай сайынкы кайрымдуулук аркылуу сиздин берешендигиңиз бизге төмөнкүлөрдү жасоого жардам берет:
- Алдын ала пландоого
- Туруктуулукту камсыздоого
- Жардамдын масштабын кеңейтүүгө
Сиз кризис маалында балдардын тарабында болосуз.
Сиз бизге кошулуп, балдар үчүн бирге болууну тандаганда, биз дагы көптү кыла алабыз.
Бул жөн гана өзгөчө кырдаалда жардам берүү маселеси эмес. Балдар алар туш болгон кризистерге узак мөөнөттүү чечимдерге татыктуу. Алар айыгууга жана калыбына келүүгө, кайрадан кыялданууну жана жылмайууну үйрөнүүгө жардамга муктаж.
Биз сиздин аркаңызда кала алабыз. Сиздин кайрымдуулугуңуз жана көңүл бурууңуз бизге даяр болууга, балдар бизге муктаж болгондо тез арада жардам берүүгө жана канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт алардын жанында болууга күч берет.
Бирок мунун баарын ишке ашыруу үчүн каржылык ресурстар керек. Дүйнө жүзүндөгү туруктуу ай сайынкы донорлор ЮНИСЕФтин үзгүлтүксүз колдоосунун кан тамыры болуп саналат.
Ай сайынкы кайрымдуулук аркылуу сиздин берешендигиңиз бизге жардам берет:
Алдын ала пландоо. Туруктуу каржылоо ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, ай сайын балдар керектүү жардамды алып турушун камсыз кылат.
Туруктуулукту камсыздоо. Туруктуу киреше зарыл программаларды үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, каражат түгөнүп калуу коркунучусуз шарт түзөт.
Таасирди максималдаштыруу. Ар айда белгилүү бир сумманы алаарыбызды билүү реалдуу максаттарды коюуга жана аларга жетүүгө шарт түзөт.
Биз менен калуунун күчү
Сиз калганда, кризис алдында балдар менен бирге турасыз. Сиз аларга жалгыз эместигин, унутулбагандыгын жана алардын маанилүү экенин айтып жатасыз.
Почему ваша поддержка так важна?
Кризисы бывают разными — войны, наводнения, голод, засуха, землетрясения — но у них есть одно общее: разрушительное воздействие на жизнь детей.
Ваши пожертвования — это спасательный круг для нашей работы. Благодаря вашей регулярной поддержке мы можем немедленно реагировать с самого начала кризиса, в любом месте и в любое время. Это помогает обеспечить неотложную помощь — медицинскую помощь, безопасную воду и жизненно важные продукты питания, а также позволяет нам планировать и оказывать долгосрочную поддержку, чтобы помогать восстанавливать разрушенные жизни.
суу тазалоочу таблеткалар
сансыз балдар менен үй-бүлөлөр үчүн таза жана коопсуз ичүүчү сууну камсыз кылуу
Өмүр сактоочу терапиялык тамак-аш жана тамак-аш жетишсиздигине кабылган балдар үчүн жабдыктар
Үй-бүлөгө арналган шашылыш жардам комплекти — кризис маалында эки үй-бүлөгө зарыл жабдыктарды жана кадыр-баркты камсыз кылуу.crisis
Мектеп кутусу» комплекти — кырсыктын кесепетинен кийин да 40 балага билим берүү жана үмүт тартуулоо, келечегин кайра курууга жардам берүү.
Кризиске кабылган балдарга жардам жеткирүү үчүн азыр кайрымдуулук кылып коюңуз.
Сиз кала берсеңиз, кризис маалында балдар менен бирге турасыз.
Сиз аларга жалгыз эместигин, унутулбагандыгын жана алардын маанилүү экенин айтып жатасыз.
Балдар менен кризистер маалында канча убакыт талап кылынса да бирге болгонуңуз үчүн рахмат.
Көп берилүүчү суроолор (FAQ)
ЮНИСЕФ – бул дүйнөнүн ар кайсы бурчунда ар бир баланын укуктарын коргоонун жана сүрөөнүн үстүндө иш алып барган Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду. Биз өзгөчө аярлуу балдарды медициналык жардам жана эмдөө, таза сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүк, тамак-аш, билим берүү, чукул жардам өңдүү көптөгөн негизги кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга умтулуп келебиз.
Сиз өңдүү донорлордун колдоосу менен биз муктаж болгон балдардын жашоосун өзгөртүп, кыйла аярлуу балдардын өмүрүн сактап, колдоп, коргой алдык. ЮНИСЕФ 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иш алып барып, башка гуманитардык уюмдарга караганда көбүрөөк балдардын өмүрүн сактап калды.
ЮНИСЕФ саламаттыкты сактоого, эмдөөгө, тамактанууга, таза сууга жана санитарияга, билим берүүгө, коргоого жана чукул жардам алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен балдардын укуктарын сүрөп, коргоп келет. Бүгүнкү күндө ЮНИСЕФ балдардын өмүрүн сактап калып, жакшыртуу максатында 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иш алып барууда
Биз өзгөчө оор шарттарда жашаган балдардын өмүрүн сактап калуу, укуктарын коргоо жана алардын дараметин ачууга жардам берүү үчүн жетүүгө оңой болбогон жерлерде иштеп жатабыз. 190 өлкөдө жана аймактарда биз ар бир бала үчүн күн сайын жакшы келечекти түптөө максатында иштөөдөбүз. Биз эч качан карманган жолубуздан артка чегинбейбиз.
Биздин максатыбыз – ар бир балага татыктуу дүйнө. Сиздин колдооңуз бизге ушул максатка жакындоого, Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү балдардын жашоосун өзгөртүүгө жардам берүүдө.
1994-жылдан бери ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдардын жана үй-бүлөлөрдүн бакубатчылыгын жакшыртуунун үстүндө иштеп келет. Биз ар бир бала, анын ичинде майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр зордук-зомбулуктан жана жакырчылыктан эркин, коопсуз чөйрөдө өнүгүп, үйрөнүп жана жашай алышы үчүн улуттук системаларды колдоп, бекемдеп жатабыз.
Биздин иш 1994-жылы Кыргызстан ратификациялаган БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына негизделет.
ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга жаңы Өлкөлүк программасы өзгөчө аярлуу балдарды колдоого багытталган. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташып, социалдык саясатты жана системаларды бекемдеп, ошондой эле алардын жеринде натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздап жатабыз. Негизги багыттар – балдарды коргоо, өспүрүмдөрдүн билим алуусу жана өнүгүүсү, саламаттыкты сактоо, тамактануу жана туруктуу өнүгүү. Бул чөйрөлөрдүн бардыгында ЮНИСЕФ инклюзия, гендердик теңчилик жана майыптыгы бар балдардын укуктары сыяктуу артыкчылыктарды интеграциялайт. Мындай комплекстүү мамиле Кыргызстанда ар бир баланын укугун коргогон инклюзивдүү, адилеттүү жана туруктуу системаларды курууга жардам берет.
ЮНИСЕФ толугу менен жеке адамдардын, компаниялардын жана өкмөттөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен каржыланып келет. БУУнун башка агенттиктеринен айырмаланып, биз БУУнун негизги бюджетинен каржыланбайбыз. Бул демек, сиз берген ар бир кайрымдуулук каражат дүйнө жүзү боюнча балдардын өмүрүн сактап калууга жардам берип жатат дегенди билдирет.
Балдарга саламаттыкты сактоо жана тамактануудан баштап, билим берүү жана коргоого чейин керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн сиздин колдооңуз абдан маанилүү болуп турат.
Сиздин кайрымдуулук Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосун жакшыртууга жардам берет. Бир жолку же туруктуу кайрымдуулук болобу – ар бир сумма маанилүү. Туруктуу кайрымдуулук өзгөчө маанилүү, себеби бул каражат биздин чукул реакция жасоо боюнча глобалдык фондубузду колдоп, дүйнөнүн ар кайсы жеринде кризис болгон учурда ыкчам аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.
Ооба, ЮНИСЕФ Кыргызстанда фандрайзинг жүргүзөт. Биз жеке адамдардын, компаниялардын, фонддордун жана уюмдардын ыктыярдуу салымдарына таянып келебиз. Чогулган каражат Кыргызстанда да, анын тышында да программаларды ишке ашырууга багытталат.
Сиз биздин сайттагы “Кайрымдуулук кылуу” дегенди басып, онлайн режиминде бир жолку же ай сайын кайрымдуулук кыла аласыз.
Кайрымдуулуктун суммасын жана жыштыгын өзүңүз тандайсыз. Ал тургай чакан сумма да кимдир бирөөнүн жашоосун өзгөртө алат. Бизди канчалык көп колдосоңуз, сиздин катышууңуз ошончолук чоң таасирин тийгизет.
ЮНИСЕФ банк карталары аркылуу онлайн кайрымдуулук каражаттарын кабыл алат. Тилекке каршы, биз азырынча криптовалютаны же NFT’ни кабыл алалбайбыз.
Кайрымдуулукту сайт аркылуу кылууга болот: [https://help.unicef.org/[ӨЛКӨ]](https://help.unicef.org/)
Каражат Кыргызстандагы жергиликтүү демилгелерге да, ошондой эле зарыл болгон учурда башка өлкөлөрдөгү балдарга жардам берүүгө да жумшалат. Мисалы, сиздин кайрымдуулук жардамыңыз Сириядагы жер титирөөдөн же Украинадагы согуштан жапа чеккен балдарга жумшалышы ыктымал.
Кыргызстандагы ишибиз тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн: What we do | UNICEF Kyrgyzstan
Үзгүлтүксүз кайрымдуулук бизге Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү балдарга туруктуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ай сайын берилүүчү колдоо ишибизди пландаштырууга, чыгымдарды азайтууга жана көбүрөөк балдарга жетүүгө жардам берет. Туруктуу донорлордун айкөлдүгү болбосо, биз ишибизди уланта алмак эмеспиз. ЮНИСЕФтин үй-бүлөсүнө кошулуп, балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө жардам бериңиз.
Дисклеймер
Алынган кайрымдуулук каражат ЮНИСЕФтин балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттерин каржылоого жумшалат, болгондо да жалпы суммадан 10% дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өтө оор кырдаалдарда калган көптөгөн балдардын жана үй-бүлөлөрдүн кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандырууга жумшалат. Бүгүн жиберген кайрымдуулук каражатыңыз бизге ар бир балага, атүгүл дээрлик колдоосуз калгандарга да кол сунууга жардам берет.
Балдардын окуялары жана баалардын сүрөттөлүшү (эгерде ошондойлор бар болсо) иш-аракеттерди жана Сиздин кайрымдуулугуңуз Газадагы жана дүйнө жүзүндөгү аярлуу балдардын жашоосуна тийгизген таасирин көрсөтүү максатында иллюстрация үчүн берилгенин эске алсаңыз. ЮНИСЕФ жер-жерлердеги керектөөлөргө жараша каражаттарды эң көп муктаж болгон жерлерге бөлүштүрөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө Конвенциясында бекитилген артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болгон Бириккен Улуттар Уюмунун системасына кирген уюм катары ЮНИСЕФтин эч бир өлкөдө катталган салык номери жок, себеби ал эч кандай юрисдикцияда кирешесине салык салынбайт жана кандайдыр бир улуттук органдын, анын ичинде салык органдарынын юрисдикциясына кирбейт.